Курс НБ на 22.10.2019 $69,8114 €77,7804

​ТАСС Агенттигине 94 жыл

Дүйнө
10 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
64
Советтер Союзунун телеграф агенттиги (ТАСС) мындан 94 жыл мурда 1925-жылы 10-июлда түптөлгөн. ТАСС СССРдеги эң башкы маалымат булагы катары эсептелген. 15 союздук республикаларда филиалдары болгон. Кыргызстанда – КирТАГ иштеген. Азыркы “Кабар” агенттиги. ТАССтын маалыматтарын ошол кезде 4 миң советтик гезит журналдар менен теле-радиолор алып турган. Бир миңден ашык чет өлкөлүк басылмаларга да ТАССтын маалыматтары берилип турган. СССРде ТАССтын 682, чет өлкөлөрдө 94 кабарчылар бөлүмү иштеп турган. 1992-жылдан баштап ИТАР-ТАСС деген аталышта иштеп келүүдө. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.