Курс НБ на 21.05.2018 $68,4500 €80,8155

Ташкенттин жаңы мечити шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун ысымы менен аталат

Дүйнө
12 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
63
Президент Шавкат Мирзиёевдин демилгеси боюнча Ташкенттин Чиланзар районунда курулуп жаткан жаңы мечит шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун ысымы менен атала тургандыгын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.
Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 1989-жылы Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи, төрагасы болуп шайланган. Арийне Каримовдун режими менен тил табыша албагандыктан, Ливияга эмиграцияга кетүүгө аргасыз болгон.
Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 2015-жылы 10-мартта Ташкентте дүйнөдөн кайтып, аны акыркы сапарга узатууга Өзбекстандын тарыхында ойго келбеген 200 миңге жакын адам катышкан.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.