
Курс НБ на 10.12.2019 $69,8500 €77,2820

Ташкентти суу каптады
Ташкентти суу каптагандыгы тууралуу Өзбекстан маалымат агенттиги кабарлады. Маалыматтарга караганда, суунун көпчүлүк бөлүгү шаардын борбордук Ц-5, Ц-6 көчөлөрүндө жана Мирабад, Мирзоулукбек жана Чиланзар райондорунда топтолуп калган. Маалыматта суу жөө жүргүнчүлөргө да, унаа айдоочуларына да бир топ көйгөй жаратып, жолдо жүрүүгө мүмкүн болбой ар түрдүү жол кырсыктары, унаа тыгындары катталууда деп жазылган. Шаардын коммуналдык кызматы эң көп суу топтолгон жерлерге барып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул шаарда катуу жааган жамгырдан кийин болгон. Суу каптоо 2014-жылы катталып, суу бир гана арык жана тратуарларды каптабастан жер алдындагы өтмөктөргө да толуп калган.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек