Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Ташкентте үч бир тууган кыз ууланып каза болду

Дүйнө
13 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
19
Күн мурун алар шишкебек жеп, кийин ичтери ооруп дары ичишкен. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Шаардык милиция өкүлүнүн айтымында, азырынча алардын шишкебектен же дарыдан көз жумганы белгисиз.

"8-ноябрь кечинде бир туугандардын кичүүсү, эртеси берки экөө ооруканада каза болушту. Азырынча алардын шишкебектен же дарыдан ууланганы белгисиз болууда. Кыздар ичкен дары дагы экспертизага жөнөтүлдү. Учурда бул иш менен Ташкент шаардык прокуратурасы алектенүүдө," – деп билдиришти милициядан.

Коңшуларынын айтымында, үй ээси алып келген шишкебекти үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү жегени менен үч кызынын гана ичи ооруп, аларга дарыканадан дары алып келип беришкен.

Маалыматка караганда, каза болгон бир туугандардын улуусу — Муниса быйыл 1-класска барган. Эки сиңдиси бала бакчада тарбияланышкан.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу