Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

​Такай чай ичүү мээге жакшы таасир берет

Дүйнө
24 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
83
Дайыма чай ичип жүргөн  адамдардын мээ тарамдары чай ичпегендердин мээ клеткаларына салыштырганда жакшы байланышат экен.  Мындай илимий ачылыш улуу курактагы 36 кишинин нейровизуалдык маалыматтарын изилдөөнүн негизинде жасалып, изилдөөнү Эссекс жана Кембриж чогуу жүргүзгөн. Анда   “Изилдөөнүн жыйынтыгы - чай ичүү мээнин түзүлүшүнө оң таасир эткенинин биринчи далили жана ал дайыма  чай ичкен мээни карылыкка байланыштуу уюмдашуунун төмөндөшүнөн коргойт деп жоромолдоого негиз берет”,-деп жазылган. Күн сайын чай ичүү улгайган кишилердин когнитивдик функциясынын төмөндөө коркунучун 50% азайтат. Ошондой эле ысык чай глаукомасы (көздүн ичиндеги бийик басым) бар адамдар үчүн пайдалуу экендигин “Азаттык” чет элдик балыктарга таянуу менен жазып чыкты.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.