Курс НБ на 19.02.2020 $69,8489 €75,4648

Таиланддын королу кеңири мунапыс жарыялады

Дүйнө
12 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
391
Таиландда король Маха Вачиралонгкорн Бодинтхаратхеппхаяваранангкундун (Рама Х) такка отурушунун урматына кеңири мунапыс жарыяланды. Ушуга байланыштуу тийиштүү Жарлыкты король сарайынын бюросу жекшембиде жарыялады жана ал бүгүн, 12-декабрда күчүнө кирди.
Документке ылайык,  камактагы майыптарга, ошондой эле рак менен ооругандарга, психикалык бузулуулар менен жабыркагандарга, ВИЧ сыяктуу башка оор оорулар менен ооругандарга мунапыс берилет. Мындан сырткары, өз жазасынын үчтөн бир бөлүгүн өтөгөн жана жашы  60тан  ашкан камактагылар да бошотулат. Ал эми өлүм жазасына кесилгендердики өмүр боюу жаза өтөө менен алмаштырылат.
Бирок, бул мунапыс баңги заттарын таркатуу менен байланышкан кылмыштары үчүн түрмөгө кесилгендерге карата таркатылбайт.
Мунапыска туш келүүчү адамдардын так саны көрсөтүлбөгөн.
Таалайбек Темиров


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.