Курс НБ на 08.03.2021 $84,8000 €101,1579

Таиландды Зика вирусу каптоодо

Дүйнө
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
609
Таиландда Зика вирусу каптагандыгына карабастан  Саламаттык сактоо министрлиги элди ызы-чууга түшпөөгө чакырды. Мындай маалыматты РИА Новости Bangkok Post басылмасына шилтеме берип жазды.  Өткөн жумада  Таиланддын бир  районунда 22 адам Зика вирусун жуктуруп алса, арасында  кош
бойлуу аял дагы бар. Эпидемиологиялык департаменттин директорунун орун басары Опат Канкавинтхон тынчсыздануунун кереги жоктугун билдирген. Себеби, Зика дарты өлкөдө 2012-жылы эле пайда болгон. Вирус адамды өлүмгө алып келбейт.  Вирус жуктуруп алган  22 адам  медициналык борборго жаткырылып, аймакка 30 күндүк карантин жарыяланган.  Маалыматтарга караганда, Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык оорусу болуп эсептелет. Ал адамга чиркейлер аркылуу жуга тургандыгы аныкталган. Вирус кош бойлууларга коркунучтуу, себеби, түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.