Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Таиландда “миллиардер” күйөө өзүнүн нике тоюнан качып кетти

Дүйнө
08 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
45
Натыйжада миллиардерге турмушка чыгып жатам деп өзүн бактылуу сезген 30 жаштагы Да аттуу бийкеч эрсиз калганы аз келгенсип, той үчүн эбегейсиз карызга баткандыгын Bangkokpost басылмасы маалымдады.
Нат аттуу “миллиардер” күйөө өзүн Гонконгдогу ири компаниянын башкы директорумун деп тааныштырып, бир жума өтпөй ага турмушка чыгууну сунуш кылган. Алар үйлөнүү тоюн Бурирам провинциясындагы эң кымбат Alvarez мейманканасында өткөрмөк болушкан. Той башталаар алдында күйөө шашылыш иш чыгып калды деген шылтоо менен көздөн кайым болгон. Мейманкананын ижара акысы менен салтанаттын бардык чыгымдары, ошондой эле нике агенттигинин кызмат акысы колуктунун мойнуна илинген.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу