Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Таиландда 13 ирет катары менен жардыруулар болду

Дүйнө
20 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
346
Таиланддын коопсуздук кызматкерлери өлкөнүн түштүк облустарында 13жолу  катары менен  террордук чабуулдар жасалгандыгын кабарлоодо. Бул тууралуу Fars агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, террордук кол салуулар өлкөнүн түштүк облустары Наративат, Паттани жана Сонгклада болгон. Кол салуулардын көпчүлүгү граната менен ишке ашырылган. Натыйжада бир канча киши каза болгон. Бирок, канча адам курман болгондугу тууралуу так маалымат жок. Наративат облусунда 7 кол салуу болгон. Гранаталар көзөмөл-өткөрүү пункту, үйлөр жана дүкөндөр тарапка ыргытылган. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү билдиргендей, кол салуучулар башаламандыкты жаратууга аракет кылышууда. Азырынча бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Белгилей кетсек, Таиланддын түштүк аймактарында узак убакыттан бери сепаратист уюмдары башаламандыктарды уюштуруп келет. 2004-жылдан бери Таиланд өкмөтү менен сепаратисттердин ортосундагы күрөштүн күчөшүнөн 6500дөн ашуун киши курман болгон. Алардын көпчүлүгү жай тургундар болгон.
Нур БАЛБАК
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.