Курс НБ на 10.12.2019 $69,8500 €77,2820

Таиланд жаңы король жөнүндө "Би-би-сиге" чыккан макала боюнча тергөө ишин баштады

Дүйнө
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
424
Таиланддын бийликтери жаңы король Махе Вачирапонгкорне тууралуу “Би-Би-Си” телекорпорациясынын жергиликтүү бюросу тарабынан жарыяланган макалага байланыштуу тергөө ишин баштагандыгын  Assosiated PressТаиланддын коргоо министри Правита Вонгсуванага таянуу менен билдирген.
Анын айтымында,  макалада монархтын кадыр-баркына көлөкө түшүрүүчү жагдайлардын бар-жогуна карата текшерүү жүргүзүлөт. Бул үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
“Би-Би-Синин” Таиланддагы бюросу өзүнүн сайтында Таиланддын жаңы королу Махи Вачиралонгконенин өмүр баяны тууралуу жарыялап, анда Таиландда, Улуубританияда, Австралияда кандай билим алгандыгы, ошондой эле өзүнүн жеке “Боинг-737” учагында саякат жасоолору баяндалган. Мындан тышкары, макалада анын ээлеген ордуна татыктуулугу күмөн саноо туудураары да айтылган жана октябрда көз жумган атасы Пхумипона Адульядетаныкындай элдин жогорку колдоосуна ээ эмес экендиги белгиленген..
Өз кезегинде "Би-би-си"  бул боюнча комментария бере элек.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.