Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

Тахир Юлдаштын уулу Ооганстанды опур-топур кылабы?

Дүйнө
08 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
422
“Өзбекстандын Ислам кыймылынын” (ИДУ) мурдагы башчысы Тахир Юлдаштын уулу (аты белгисиз) Ооганстандын Сари-Пуль провинциясына барып, жергиликтүү жаштарды “Ислам мамлекетинин” катарына кошулууга үндөп жүрөт деп аталган провинциянын губернитору Мохамад Захир Вахдат оогандык Tolonews телеканалына билдирген.
Губернатордун айтымында, провинциянын аймагында өкмөткө каршы турган топтордун катары 4000ден ашат. Тахир Юлдаштын уулунун Сари-Пулга келиши жергиликтүү бийликтерди абдан тынчсыздандырууда. Ал Өзбекстандын Наманган шаарында туулган. Атасы Тахир Юлдаш өз жакындары менен 1993-жылы Өзбекстандан Ооганстанга качкан жана 2001-жылы Пакистанда снаряддын жарылуусунан каза тапкан.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.