Курс НБ на 27.04.2018 $68,6425 €83,5448

Сырдарыя облусунда минералдык жер семирткич чыгаруучу завод курулат

Дүйнө
16 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
19
Өткөн аптада Сырдарыя облусуна иш сапар менен барган президент Шавкат Мирзиёев облус активи менен жолугушууда Янгиер шаарында 2019-2023-жылдарда кубаттуулугу 300 миң тонна аммиак жана 360 миң тонна карбамид жер семирткичтерин чыгаруучу завод куруларын билдирди. Заводду курууда Түштүк Кореянын, Германиянын, Япониянын, Кытайдын технологиялары пайдаланылат. Завод 850 адамды туруктуу иш менен камсыз кылат.
Шавкат Мирзиёев облус аймагында пахта аянттары 20 миң гектарга кыскартылып, алардын ордуна анар, жүзүм, маш, рапс, соя, ачуу калемпир өстүрүлө тургандыгын айтты.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу