Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

​Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт

Дүйнө
21 - Август 2019
www.erkintoo.kg
61
Улуу Британияда карыялар үйүнө кетүүгө камынып, үйдөгү майда барат буюмдарды сата баштаган пенсионер күтүүсүздөн бай адамга айланды. Үйүндө пайда-зыяны жок турган кытай карапасын ал Diamond Mills аукцион үйүнүн адистерине көрсөтүп, алар сатыкка коюуну сунуштаган. Натыйжада карапаны кытайлык коллекционер 280 миң долларга сатып алган. Карапа Кытайдагы Цин династиясынан чыккан (1723-1735) Юнчжэн императору бийликте турган мезгилде жасалгандыгы аныкталган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.