Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

​Сума Чакрабарти Мирзиёевдин кеңешчиси болот

Дүйнө
16 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
25
Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын мурдагы президенти Сума Чакрабарти Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин экономикалык өнүктүрүү, кайтарымдуу башкаруу жана эл аралык кызматташуу маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындала тургандыгын ал өзүнүн Twitterинде билдирди. Сума Чакрабартини үстүбүздөгү жылдын июль айында Шавкат Мирзиёев “Дустлик” ордени менен сыйлаган.
2012-жылдан 2020-жылдын июлуна чейин ЕБРРди жетектеген С.Чакрабарти буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин да кеңешчиси болуп дайындалган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу