Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

Стамбулдун бийлиги Таксим аянтында мечит тургузат

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
387
Стамбулдун бийликтери 2013-жылы өкмөткө каршы чыгуулар орун алып келген Таксим аянтында мечит курууну чечишти. Шаардын маданий мурастарды сактоо башкармалыгы тийиштүү курулуш планын жактырганын Hurryet Daily News интернет-басылмасы маалымдады.
Жаңы мечит 1482 чарчы метр аймакты ээлейт, минареттердин бийиктиги 30 метрге жетет. Ал ага жакын жерде  жайгашкан эки тарыхый христиан храмдарынан бийиктиги жагынан тең калышпайт.
2013-жылдын жайында бул аянт ага жакын жердеги Гези паркындагы бак-дарактарды кыюуларга жана ал жерге соода комплексин курууга каршы болушкан демонстранттардын түрк полициясы менен кагылышуусунун ордуна айланган. Каршы чыккандар өздөрүнүн позицияларын бул парк - өтө жыш курулуштар түшкөн райондогу жападан-жалгыз калган “жашыл арал” экендиги менен негиздешкен.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.