Курс НБ на 16.12.2019 $69,8482 €78,0693

Спорттук травма алган Кадыровго операция жасалды

Дүйнө
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
450
Чечнянын башчысы Рамзан Кадыров рингде алган жаракаттан улам ага операция жасалды. Аны Грозныйлык врачтар жүзөгө ашырышты.
“Сиздер  атаандаш тарап мага эч бир сокку бербейт деп көп жаздыңыздар. Бул андай эмес. Эми врачтар рингде алган бардык травмаларымдын кесепеттерин четтетишти”, - деп жазды Кадыров шаршембиде инстаграммасында.
Ал чет өлкөдө дарыланууну сунуш кылгандарына карабастан Грозныйда операция жасатууга макул болгондугун айтып, өзүбүздүн врачтар деле алардан тажрыйбасы жагынан кем калбай тургандыгын белгиледи. Ошондуктан, бизден алыскы жерлерде гана медицина жылдыздары жанып турат деген көндүмдүн жаңылыш экендигине дагы бир ирет ынандым, дейт Р. Кадыров.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.