Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Soutnwest Airlines авиакомпаниясы АКШдан Кубага биринчи рейс жасады

Дүйнө
14 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
365
Америкалык эң ири бюджеттик Soutnwest Airlines  авиакомпаниясы АКШдан Кубага өзүнүн биринчи түз учуусун аткарды. Prensa Latina маалымдагандай, бортунда 156 жүргүнчүсү бар Boeing 737 америкалык Тампа шаарынан (Флорида штаты) учуп чыгып, Гаванадагы Хосе Марти атындагы аэропортко келип конду.
Ушул эле рейс менен Кубанын борборуна Soutnwest Airlinesтин башкармалыгынын төрагасы  Гэри Келли жана компаниянын менеджерлери да келишти.
Soutnwest Airlines 1967-жылы негизделген. Компаниянын авиапаркы 700дөн ашык Boeing лайнерлеринен турат. Авиаташуучу АКШнын ичинде жана анын чет жактарында 90дон ашык пункттарга учууларды жасайт.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.