Курс НБ на 03.08.2020 $76,8433 €90,4984

Сомали президентинин америкалык паспорту бар

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
429
Сомалинин президенттигине АКШнын жарандыгын алган саясатчы шайланды
Сомалинин мурдагы премьер-министри Мохамед Абдуллахи Мохамед өлкөнүн жаңы президенти болуп калды. Ал шайлоонун экинчи турунда атаандашы Хассаей шейх Мохамудду жеңди.
Могадишо аэропортунун ангарында өткөн президентти шайлоого парламенттин мүчөлөрү гана катышты. Жаңы президент Сомалинин жана АКШнын да жараны болуп саналат. Эске салсак, Сомалиде 1969-жылдан бери эркин шайлоолор өткөрүлө элек.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.