Курс НБ на 07.03.2021 $84,8000 €101,1579

Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилеге залакасын тийгизбеши керек

Дүйнө
08 - Июнь 2020
www.erkintoo.kg
207

Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Фергана облусуна жасаган иш сапарында айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Анда Мирзиёев өзбек элин Кыргызстан менен достук мамилени сактоого чакырган. "Акыркы жылдары коңшу мамлекеттер менен көйгөй жараткан чек ара маселелерин чечип келе жатабыз. Сохтогу окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилеге, жалпы планга залакасын тийгизбеши керек. Биз токтоо, чыдамкай жана боорукер болгонубуз жакшы. Кошуна — миң жылдык. Эки эл жакын жашап, бири-бирин сыйлап турушу зарыл", — деди президент.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.