Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Смартфондордун эң көбү кытайлыктардын колунда

Дүйнө
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
369
Жер шарында жашаган калктын үчтөн бири смартфондордун активдүү колдонуучулары болуп эсептелет.
2,3 млрд же планета калкынын 31%ы смартфондордун активдүү колдонуучулары. Колдонуудагы мобилдүү девайстардын саны быйыл 3 миллиардга жетти. Булардын дээрлик 30,2%ы кытайлыктарга таандык. Негизинен кытайлыктар мобилдүү тиркеме чыгаргандарга кирешени камсыздап жатышат. 2016-жылы бул тармактагылардын кирешеси 11,9 млрд долларга жеткен. Смартфондорду чыгаруу боюнча №1 бренд Appleге дүйнөдө колдонулуп жаткан смартфондор менен планшеттердин 34,8%ы таандык. Экинчи орунда Samsung (23,3%), үчүнчү орунда Huawei (5,4%), андан кийинки позицияларда Xiaomi (3,7%) жана  Lenovo (2,7%) турат.
Бул отчетту мобилдүү тиркемелер жана оюндар жаатында маркетингдик изилдөөлөр менен анализ жүргүзүү боюнча лидер эсептелген NewZoo компаниясы жарыялаган.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.