Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

Сирия-Түркия чек арасында 20 адам каза тапты

Дүйнө
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
394
Сирия менен Түркиянын чек арасындагы жардыруудан 20 адам каза тапты. Жардыруу болжол менен  «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу тарабынан уюштурулган. Мындай маалыматты  Syrian Observatory for Human Rights (SOHR) уюму билдирип чыкты. Уюмдун маалыматына караганда, жардыруу
ИМдин согушкерлери менен урушуп жаткан Түркиянын колдоосундагы көтөрүлүшчүлөр көздөгөн. Ал эми “Ислам мамлекетинин” Amaq маалымат агенттиги
көтөрүлүшчүлөрдүн тобуна жанкечти чабуул койгонун билдирген. Учурда түрк аскерлеринин колдоосундагы көтөрүлүшчүлөр  чек арадагы ИМ согушкерлерине каршы күрөш жүргүзүшүүдө.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.