Курс НБ на 16.07.2019 $69,5663 €78,2308

Сириянын Алеппо жана Хама шаарларында согуш уланууда

Дүйнө
22 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
430
Сириянын Алеппо жана Хама шаарларында көтөрүлүшчүлөр менен Башар Асадга баш ийген күчтөр ортосунда согуш болууда. Чабуулдун кесепетинен ондогон адам өлгөн. Алардын арасында төрт медицина кызматкери болгон. Сириянын мамлекеттик маалымат кызматтары  билдиргендей, армия Рамуаш районундагы жер семирткичтер заводун кайра тартып алган.  Дүйшөмбү күнү  гуманитардык колоннага сокку урулгандан кийин согуш кайра жанданган. Америка  муну  орус учактарынын жардамы менен жүзөгө ашты деген пикирде. Ал эми Москва болсо авиасоккуга тиешеси жок экенин билдирүүдө.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.