Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Сириянын аймактык бүтүндүгү жана көз карандысыздыгы сакталышы зарыл

Дүйнө
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
331
Астанада кечээ, 24-январда Сирия маселеси боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр аяктады.
Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановдун айтымында, сүйлөшүүлөргө катышканТүркия, Орусия жана Иран Сириядагы жарашуулардын сакталышын мониторингдөө боюнча үч тараптуу механизмди түзүү жөнүндө макулдашышты жана алар Сириянын территориялык бүтүндүгү, биримдиги, көз карандысыздыгы жана суверенитети сакталышы зарыл деген бир бүтүмгө келишти.
Министр К.Абдрахманов жарыя салган жыйынтыктоочу документте:“Биз “ИМге” каршы күрөштү улантабыз жана аларды куралдуу оппозициядан алыстатабыз”, - деп айтылат.
Эске салсак сүйлөшүүлөр Орусия жана Түркия президенттеринин демилгеси менен Казакстандын президентинин колдоосунда өттү.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.