Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Сириядагы согушту токтотууга кадам жасалды

Дүйнө
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
422
Сирияда 12-сентябрдан бери Орусия жана АКШнын ортомчулугу астындагы элдешүү жараяны расмий түрдө күчүнө киргендигин чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.
Беш жылдан бери уланып жаткан Сириядагы жарандык согушка чекит коюу үчүн Вашингтон менен Москва ушуну менен экинчи жолу аракет көрүүдө. Эгер ок атышпоо келишими бир аптага чейин бузулбаса, Орусия менен АКШ экстремисттик топторго каршы аскердик-аба операцияларын координациялайт. Сирия аскер башчылыгы билдиргендей, “тынчтык режими” өлкөнүн бардык аймактарына тиешелүү. Бирок элдешүү жараяны бузулса, аскерлер жооп кайтаруу укугуна ээ. Ал ортодо Башар Асаддын режимине каршы чыккан көтөрүшчүлөр макулдашуунун шарттарын сактай турганын билдиришти. БУУнун эсебинде, Сириядагы согуштун кесепетинен 250 миңден ашуун киши өлүп, 11 миллион адам өлкөдөн чыгып кеткен.
Жазгүл  Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.