Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Сирияда эвакуация учурунда бир нече автобус жардырууга туш болду

Дүйнө
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
334

Жекшембиде Алеппонун чыгышындагы жана бир канча айылдагы жашоочуларды көчүрүү жараяны башталганы менен кайрадан үзгүлтүккө учурады. Белгисиз бирөөлөр жарадарларды ташып бараткан бир катар автобусту жардырып жиберишти. Бул тууралуу Сириядагы адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзгөн борбор билдирди деп маалымдайт Борбродук Азия жаңылыктар кызматы.

Дамаск бул окуя үчүн куралдуу оппозицияны күнөөлөөдө. Көтөрүлүшчүлөр айыптарды четке кагып, жардыруу чагым болушу мүмкүн экенин айтышууда. Укук коргоочулар маалымдагандай, эвакуация кайрадан убактылуу токтоду.

Жай тургундарды жана куралын таштаган көтөрүлүшчүлөрдү көчүрүү 15-декабрда башталган. Ага чейин өкмөттүк күчтөр Алеппону көзөмөлдөөнү калыбына келтиришкен болчу. Эвакуация андан бери бир нече сапар үзгүлтүккө учурады. Жаатташкан тараптар бири-бирин макулдашууларды бузду деп айыпташууда. Ар кыл маалыматтар боюнча 15 миңден 40 миңге чейинки Алеппонун жашоочулары эвакуацияны күтүп жатышат.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.