Курс НБ на 24.02.2020 $69,8500 €75,5323

Шведдик майып-экстремал майыптык коляска менен Түштүк уюлга жетти

Дүйнө
23 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
378
Швециянын жашоочусу Арон Андерсон өзү майыптар коляскасы менен Түштүк уюлга жеткен дүйнө жүзүндөгү биринчи адам болуп саналаарын билдирди. Бул тууралуу Associated Press агентствосу маалымдады. Бул жүрүштүн максаты онкологиялык оорулардан жапа чегишкен балдарга жардам берүү үчүн каражат чогултуу болуп саналган.
Андерсондун саякаты Антарктиданын жээктеринен башталган. Анын маршрутунун жалпы узундугу 640 километрди түзгөн. Бардык жолун Андерсен карда жүрүүгө ыңгайлуу болуусу үчүн лыжа коюлган, өркүндөтүлгөн майыптар коляскасы менен басып өткөн. Ал 21 күндө көздөгөнүнө жеткен. Саякат учурундагы абанын температурасы Цельсия боюнча орточо 30 градусту түзүп турган.
Анын айтымында, бул экспедициянын аркасында 5 миллионго жакын швед кронун (болжолдуу түрдө 540 миң доллар) чогултууга мүмкүн болгон. Ал өзүнүн жеке сайтында 9 жашынан тартып өөрчүп кеткен рактан улам майыптар коляскасына отуруп калганын жазган. Анын ушул оорусу  кайрымдуулук саякатын жасоого түрткөн себеп болгон.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.