Курс НБ на 20.03.2019 $69,7563 €79,1281

Швециялык окуучу "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлдү

Дүйнө
15 - Март 2019
www.erkintoo.kg
23
Швециялык мектеп окуучусу "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлдү. Мындай маалыматты  чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, 16 жаштагы мектеп окуучусу Грета Турнбергди аталган сыйлыкка көрсөтүү демилгесин Швециянын парламентиндеги Солчулдар партиясынын өкүлдөрү көтөрүп чыгып, колдоого алышкан. Мектеп окуучусу парламенттик имараттын алдына жалгыз митингге чыгып, швед бийлиги Париж келишиминин шарттарын толук аткармайынча мектепке барбай тургандыгын билдирген. Ал зыяндуу заттарды ачык абага ыргытууну токтотуп, глобалдык жылуулануунун алдын алыш керектигин айткан. эми окуучу климат маселелери боюнча БУУнун Дүйнөлүк экономикалык форумуна баяндама жасоо үчүн чакырылды.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу