Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Шанхай дүйнөдөгү эң ири беш аба транспорт түйүнүнүн катарына кирди

Дүйнө
14 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
380
Жергиликтүү эки аэропортундагы жалпы жылдык 100 миллион адамдан  ашык жүргүнчүлөр агымы менен Шанхай дүйнөдөгү эң ири транспорттук түйүндөрдүн катарына кирди. Shangnai Daily жазгандай, Москвадан учуп келген “Чыгышкытайлык авиалиниянын” рейси менен эл аралык Пудун аэропортуна 100 миллионунчу жүргүнчү келип конгон.
Азыркы күндө Шанхайда иштеп жаткан Пудун жана Хунцяо аэропорттору төрт терминалдан жана алты учуп-конуу тилкелеринен турат. 2015-жылы аларга Кытайдын жалпы аба ташууларынын 11%га чейинкиси туура келген. Ал эми негизинен эл аралык багыттарды тейлеген Пудундан самолёттору дүйнөнүн 250 шаарына учуп турат.
Ошентип, жүргүнчүлөр агымынын жалпы көлөмү боюнча Шанхайдын эки аэропорту Лондондун, Нью-Йорктун, Токионун жана Атлантанын гана аэропортторунан кийин турат.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.