Курс НБ на 02.03.2021 $84,8113 €101,7905

​Шайлоолордун шарапаты

Дүйнө
06 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
91
АКШдагы президенттик шайлоолордун биринчи күнүнөн кийин дүйнөдөгү10 бай адамдын байлыгы 33 миллиард доллардан ашык суммага көбөйдү. Мындай жагдайды Forbes Real-Time реалдуу убакытта иштөөчү сайтындагы рейтингден баамдоого болот. Мисалы, Безостун байлыгы шыр эле 10,5 млрд долларга, Цукербергдики – 8 млрд долларга жогорулады.
 Азыр планетадагы эң бай 10 адамдын байлыгы төмөнкүдөй абалда:
1. Джефф Безос — $190,6 млрд (+$10,5 млрд);.
2. Бернар Арно ( Louis Vuitton жана Diorдун кожоюну) — $119,5 млрд (+$3,6 млрд);.
3. Билл Гейтс (Microsoftтун тең негиздөөчүсү) — $115,9 млрд (+$668 млн);.
4. Марк Цукерберг (Facebookтун башчысы) — $105,5 млрд (+$8 млрд);.
5. Илон Маск (Tesla жана SpaceXтин негиздөөчүсү) — $93,1 млрд (-$547 млн);.
6. Уоррен Баффетт (Berskhire Hathaway инвесткомпаниясынын кожоюну) — $78 млрд (-$291 млн);.
7. Ларри Пейдж (Googleнин теңнегиздөөчүсү) — $77 млрд (+$4 млрд);.
8. Ларри Эллисон (Oracleнин негиздөөчүсү) — $75,1 (-$379 млн);.
9. Сергей Брин (Googleнин теңнегиздөөчүсү) — $74,9 млрд (+$3,8 млрд);.
10. Мукеш Амбани (Reliance Industriesтин негиздөөчүсү) —$74,1 млрд (+$4 млрд).
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.