Курс НБ на 15.07.2020 $77,6206 €88,7747

Сөңгөк клеткадан кадимки ичегини өндүрсө болот

Дүйнө
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
399
Мындай табылганы Жапон окумуштуулары ойлоп табышты. Алар  адамдын сөңгөк клеткасынан кадимки ичегини өндүрүп алышкан.  Илимий табылга келечекте Крондун дарты жоон ичегинин колит жарасы сыяктуу ичеги-карындын оңой менен дарыланбас ооруларын айыктырууга көмөктөшүүсү мүмкүн дешет окумуштуулар.
Жапониянын Балдардын саламаттыгы жана өнүгүүсү борборунун директору Хидэнори Акуцу жетектеген окумуштуулары адамдын сөңгөк клеткасынан кадимки ичегини өндүрүүдө атайын үч белокту пайдаланышкан. 1 см ичеги бир-эки айдын ортосунда өнүп жетилген. Мындай ичеги ашказандагы иштетилген тамак-ашты жерибей өзүнө сиңирген. Ал эми протеин менен сууну кадимки адамдын ичегисиндей жыйрылып туруп, "аш кылып" же сиңирип алган,-делет “Азаттыкка”  жарыяланган маалыматта.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.