Курс НБ на 27.02.2020 $69,8500 €76,0806

Сербия РФдан алты МиГ-29ду, 30 танканы жана 30 брондолгон машинаны бекер алат

Дүйнө
23 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
421
Сербияга колдоо көрсөтүү максатында Россия алты МиГ-29 истребителин, 30 Т-72 С танкасын жана 30 согуштук чалгындөө-кайгуулдук БРДМ-2 машинасын бекер берет. Ошол эле учурда самолетторду модернизациялоо үч этапта өтөт жана Сербия үчүн 180 млн евродон 230 млн еврого чейин турат,- деп маалымдады  Tanjug агентствосу.
Эгерде биз каалагандай ушундай ракеталар менен жабдылган ракеталарды сатып алууга эсеп кылсак, анда алардын баасы 600 млн еврого жакынды түзмөк,” -  деп Сербиянын премьер-министри Александара  Вучичтин Россиянын коргоо минитри Сергей Шойгу менен болгон жолугушуусунан кийин айткан сөзүнөн шилтеме келтирген.
Премьер-министрдин айтымында, самолётторду берүү жөнүндөгү макулдашууга жума күнгө чейин кол коюлушу керек.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.