Курс НБ на 25.01.2020 $69,8443 €77,1640

Сексен жолу өчүрүп жазганга жарачу нанокагаз иштелип чыкты

Дүйнө
22 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
328
Аны Кытайдын Шандун университетинин, АКШнын Калифорния университетинин  жана Берклидеги Лоуренс атындагы Улуттук лабораториянын илимпоздору биргелешип иштеп чыгышкан. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты. Бирок,  нанокагазга тамгалар жөн эле жазыла бербейт. Ага нурдун жардамы менен гана жазуу керек. Кызыгы тамгаларды өчүргөн күндө да нанокагаз жыртылбайт, 80 жолу кайра жазууга жарайт. Жыртылбас кагазды жасоодо тийиштүү узундуктагы жана жарыктыктагы кызгылт көк өңдүү нур тийгенде өз касиетин өзгөртчү нанобөлүкчөлөр колдонулуп жасалыптыр. Нанокагаздын бетиндеги жазууну өчүрүү үчүн аны 10 мүнөткө жакын 120-150 градус Цельсияга чейин ысытуу зарыл. Ошондо жазуулар жоголуп, нанокагаз баштапкы катуу абалына келет,-делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.