Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Сауд Арабиясында да коррупция гүлдөп өнүккөнбү?

Дүйнө
14 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
14
Перси булуңундагы эң бай деген мамлекеттердин бири Сауд Арабиясынын башкы прокурору шейх Сауд аль Мохеб коррупциянын айынан өлкө казынасынан 100 млрд доллар каражат уурдалгандыгын жарыя салгандыгын Би-Би-Си маалымдады. Башкы прокурордун айтымында, азыр 199 адам суракка алынууда.
Эске салсак, 4-ноябрда Аль Арабия телеканалы кармалгандардын арасында падышалык үй-бүлөнүн 11 мүчөсү бар экендигин билдирген. Айрым маалыматтар боюнча алардын арасында миллиардер-инвестор принц Аль-Валид ибн Талал жана жакында эле Улуттук Гвардиянын кол башчылыгынан бошотулган принц Митеб бин Абдулла да бар.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу