Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Сарездин суусу экспортко чыгышы мүмкүн

Дүйнө
11 - Июль 2018
www.erkintoo.kg
18
Тажикстанда 107 жыл мурда пайда болгон Сарез тоо көлүнүн таза суусу экспорттоло башташы мүмкүн деп билдирди Тажик ТА агенттиги. Сарездин суусу кытайлык Heaven Springs Dynasty Harvest Group (HSDHG) компаниясын кызыктырууда. Эгерде суу экспорттоо жолго коюлса Тажикстандын бюджети жылына 100 млн долларга чейин киреше ала баштайт. Сарез көлү Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районунда орун алган. Анын узундугу 70 км, тереңдиги 500 м. Көл 1911-жылы Бартанг дарыясынын нугун бууган 9 баллдык жер титирөөдөн кийин пайда болгон.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу