Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Самолеттор да тик учкусу келет

Дүйнө
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
456
Boeing корпорациясы тик көтөрүлүп, кайра коно турган жүргүнчүлөрдү ташуучу самолеттун патентине ээ болду.
The Business Insider басылмасынын маалыматына таянсак, самолет эки канатына орнотулган өзгөрүлмө винттүү кыймылдаткычтар менен жабдылат. Вертолеттой көтөрүлүп, самолеттой түз учат. Самолет 100 жүргүнчүгө эсептелген жана жакын аралыктарга, ошондой эле коммерциялык максаттарда пайдаланылат. Boeing и Bell компаниялары биргелешип чыгарган мындай V-22 Osprey деп аталган гибрид самолетту .2007-жылдан бери аскерлер колдонуп келет.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.