Курс НБ на 21.08.2019 $69,8160 €77,4818

Самарканддагы жапырт уулануунун себептери такталды

Дүйнө
25 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
151

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Самарканддагы жапырт уулануу боюнча расмий билдирүү жасаган. Эске салсак, 22-октябрда шаарда тамакка ууланган 17 киши ооруканага жаткырылган.

Мекеменин маалыматына караганда, тергөөнүн жыйынтыгында бейтаптар шаарда мыйзамсыз иштеп жаткан тез татым жайларынын бириндеги ход-догго ууланганы аныкталды.

Белгиленгендей, ал тамактануу жайы каттоосуз жана медициналык көзөмөлдөн өтпөстөн иш жүргүзүп жаткан.

Текшерүүлөрдөн кийин ишкердин санитардык жана гигиеналык талаптарга жооп бербеген бизнеси жабылды.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.