
Курс НБ на 23.04.2018 $68,4712 €83,8019

Самаркандда белгилүү ишкерди бычактап кетишти
Өзбекстандык укук коргоо органдарында иштеген кызматкердин айтымында, Абдулла Арифжановго ири суммадагы акчасын тартып алуу үчүн кол салышкан. Ишкер оор абалда ооруканага жеткирилген.
– Алар бычак менен кол салышып, бир нече миң долларын уурдашып, өзүн алма бакчасына таштап кетишкен. Учурда тергөө жүрүүдө. Кылмышкерлер изделдүүдө, – деди ал.
Маалыматтарга караганда, Абдулла Арифжанов Пастдаргам районундагы эң бай адамдардын катарына кирген. Ишкер бир нече дүкөндөргө ээ жана чет элдик валюталарды алып-сатуу менен алектенген.
Өзбекстанда валюта жана алтын менен иштеген ишкерлерге бычак менен кол салуу учурлары арбын.
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек