Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

Саакашвилиге Украина жарандыгы кайтарылды

Дүйнө
29 - Май 2019
www.erkintoo.kg
82
Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге украин жарандыгын калыбына келтирүү жөнүндө жарлыкка кол койду деп маалымдады ВВС. Саакашвилиге украин жарандыгы 2015-жылы берилген. 2017-жылы июль айында президент Петр Порошенко аны жарандыгынан ажыратуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ал эми Украинанын Чек ара кызматы Саакашвилиге 2021-жылга чейин Украинага кирүүгө тыюу салган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.