Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €84,5647

Россиялыктардын жаңы жылдык каникулдары кыскартылды

Дүйнө
13 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
495
Быйылкы жылдагы кышкы каникулдар олуттуу кыскартууларга дуушар болду. Эми  каникулдар бар болгону 8 күнгө гана созулуп, 9-январда бардыгы кайрадан ишке чыгышат.
Бирок, 1 жана 7-январь календардык эс алуу күндөрүнө туш келгендиктен аларды башка күндөргө которууну чечишти. Бул которуулардын натыйжасында Ата мекенди коргоочулардын күнүн россиялыктар төрт күн – 23нөн тартып 26-февраль күнүн кошо белгилешет. Ал эми экинчи жаңы жылдык эс алуу күнү 8-май – биринчи күнгө которулат. Ошентип, Жеңиш күнүн майрамдоо да төрт күнгө созулат.
Мындан сырткары, Эмгек күнүндө (29-апрелден 1-майга дейре), Россиянын көз  карандысыздык (10-12-июнь) жана Улуттук биримдик күндөрүндө (4-6-ноябрь) абдан узак  эс алуулар күтүп турат.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.