Курс НБ на 15.07.2020 $77,6206 €88,7747

Россиялык уй эти үчүн дүйнөнү эң ири рыногу эшик ачты

Дүйнө
20 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
61
Кытай дүйнөдөгү эң ири эт азыктарын керектөөчү болуп эсептелет, арийне узак жылдар бою россиялык продукцияларды өз рыногуна киргизбей келген. Кытай уй этин экспортточу россиялык эки ишкананы тандап алгандыгын Россельхознадзор маалымдады. Россияга буга чейин Кытайга уй этин экспорттогон эмес. Кытай учурда бүт дүйнө боюнча уй этин сатып алуу көлөмүн ыкчам көбөйтүүдө. Мисалы, 2019-жылы уй этин импорттоо Кытайда 60%га өстү жана жалпы көлөм 1,7 миллион тоннага жетти. Ал эми Россияда уй этин өндүрүү 2019-жылы 1,62 млн тоннаны түздү.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.