Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

​Россияга ири береси бар өлкөлөр аталды

Дүйнө
19 - Август 2019
www.erkintoo.kg
62
Россияга ири карызы бар алдыңкы үч өлкө катары Белоруссия, Украина жана Венесуэла аталды деп маалымдады РБК.
Басылманын маалыматы боюнча бери дегенде 17 мамлекет Россияга жалпысынан 27 миллиард доллар карыз. Белоруссиянын карызы 7,5 млрддан ашат, Украинаныкы 3,7 млрд долларга жакын сумманы түзөт, бирок Киев биз 610 миллион гана доллар карызыбыз бар деп көшөрүп келет. Ал эми Венесуэла 3,15 млрд доллар карызынан 2027-жылга чейин кутулушу керек. Россиянын өзүнүн тышкы мамлекеттик карызы 2019-жылдын 1-августуна карата 53,8 млрд долларды түздү.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.