Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Россияда тез жардам машинасына жол бербеген айдоочуларга 5000 рубль айып салынат

Дүйнө
06 - Август 2019
www.erkintoo.kg
27
Россияда тез жардам машиналарына жол бербеген жана медицина кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жараткан айдоочулар үчүн жоопкерчиликтерди катаалдаштырган мыйзамдар күчүнө кирди. Мыйзамдардын топтомдору Мамдума тарабынан июль айынын башында кабыл алынган. Депутаттар адегенде айыппулду 10 миң рубль кылуу керек деп чыгышкан. Мыйзамдарга президент Владимир Путин 26-июлда кол коюп, 6-августтан тарта күчүнө кирди.
Аларга ылайык, тез жардам машинасына жол бербеген айдоочулар 3 миңден 5 миң рублга чейин айып төлөшөт. Эгерде тез жардам машинасындагы бейтап өлүмгө дуушар болуп калса, тоскоолдук жараткан айдоочу 4 жылга чейин эркинен ажыратылат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу