Курс НБ на 26.02.2021 $84,6796 €103,3811

​Россия Сирияда беш жылда 133 миңден ашык террористти жок кылды

Дүйнө
30 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
62
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Сирияда россиялык куралдуу күчтөр тарабынан жок кылынган террористтердин санын атады. Айтымында беш жылда “Ислам мамлекетин” толугу менен талкалап, Россиянын кызыкчылыктары менен байланышкан геосаясий маселелерди чечүүгө мүмкүн болду. Россиялык операциялардын маанилүү жыйынтыгы – Сирияда жарандык согуш токтотулду деп айтты Шойгу.
Сириялык куралдуу күчтөр россиялык авиациянын колдоосунда 1024 калктуу пунктту террористтерден бошотту, учурда өлкөнүн 88% аймагы өкмөттүк аскерлердин көзөмөлүнө алынды. Министрдин маалыматына караганда, Россиянын Аба-Космостук күчтөрү террористтердин 133 миң объектисин, анын ичинде мунайды мыйзамсыз иштеткен заводдорун, бандалык топтордун 865 башчысын, 133 миңден ашык согушкерди (алардын 4,5 миңи Россиядан жана КМШ өлкөлөрүнөн) жок кылды.
Шойгунун айтымында, Сириядагы россиялык аскердик операциялардын активдүү фазасы 804 күнгө, 2015-жылдын 30-сентябрынан 2017-жылдын 11-декабрына чейин созулду.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.