Курс НБ на 19.02.2020 $69,8489 €75,4648

“Роскосмос” Айга учуулар үчүн космонавттардын катарына ачык кабыл алуу жарыялады

Дүйнө
15 - Март 2017
www.erkintoo.kg
345
15-мартта Роскосмос мамлекеттик корпорациясынын директорунун биринчи орун басары Александр Иванов бүгүнтөн тарта жаңы “Федерация” космос корабли менен Айга учуулар үчүн космонавттар отрядына кабыл алуу башталгандыгын жана ал жыл аягына чейин улантыларын билдирди. Айтымында, жыл этегинде 6-8 адам тандалып алынат.
Космонавттар отрядына жаш курагы 35ке чейинки медициналык текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн, инженердик же илимий жогорку билимдүү, ошондой эле учкуч кесибиндеги орусиялык жарандар кабыл алынат. Авиациялык жана ракеталык-космостук өнөр жайда тажрыйбасы барларга артыкчылык берилет.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.