Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Родриго Дутерте баңгизат менен күрөшүүнү күчөтөт

Дүйнө
18 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
411
Филиппиндин президенти Родриго Дутерте баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө адам укуктарын "уруп ойнобой" турганын айтты. "Мен келечек муунду сакташым керек. Эгер бул жерде адам укугу тууралуу сөз боло турган болсо мен аларды уруп ойнобойм. Мен башкалардын үшүн алып коюшум керек, антпесе мамлекеттин душмандары биздин келечек муун — жаштарды жок кылат",-деп ал Аль-Жазира телеканалына берген маегинде билдирген. Бул тууралуу sputnik.kg жазып чыкты.  Май айында шайланган Родриго Дутерте баңгизатка көз каранды жана аларды жайылткан кишилерге каршы күрөш жүргүзүүнү күчөтүп жатат.  Дутерте бийликке келгенден бери маңзатка тийиштиги бар 2,4 миң киши өлтүрүлгөн. Бирок, дүйнө коомчулугу Дутертенин бул кадамын кескин сындап келет. Президент бул сындарга карабай тургандыгын ачык эле айтып жүрөт.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.