Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

РФнын Федерация Кеңеши саясий партияларды мамлекеттик каржылоо тууралуу мыйзамды жактырды

Дүйнө
15 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
323
РФнын Федерация Кеңеши кечээ өз отурумунда  парламенттик шайлоолордогу шайлоо добушунун “баасын” 110 рублдан 152 рублга чейин көбөйтүүчү мыйзамды жактырды.
Мыйзамга федералдык шайлоо округдары боюнча Мамдума депутаттарын шайлоодо талапкерлердин федералдык тизмеси  шайлоолордун жыйынтыктарына ылайык добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 3%дан кем эмес добушун алган саясий партияларды каржылоонун өлчөмүн жогорулатууга багытталган өзгөртүүлөр киргизилди. Бул каржылоолор 2017-жылдын 1-январынан тартып жүзөгө ашырыла баштайт.
Документке  ылайык, мыйзамды турмушка ашыруу үчүн зарыл болгон бюджеттик каражаттардын өлчөмү 2017-жылы 6,95 млрд рублду түзөт. Бул үчүн федералдык бюджеттен кошумча чыгымдар талап кылынбайт.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.