Курс НБ на 19.09.2019 $69,8488 €77,2458

​Рак оорусун эмнелер ойготот?

Дүйнө
13 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
62
Америкалык онкологиялык коомчулуктун адистери алкоголь жана тамеки чегүүдөн тышкары да ракты чакыруучу “бейкүнөө” адаттар бар экендигин айтышууда. Алардын катарына кирген ысык чай жана температурасы 60 градустан жогору тамактар кызыл өңгөчтүн жана ооз көңдөйүнүн рагын пайда кылышы мүмкүн. Ал эми күн сайын экиден көп ысык кофе ичүү бул ооруга кабылуу тобокелдигин 41%га, каракесек этти ашкере керектөө 43%га жогорулатат. Уйкудан калуу же түнү менен уктабай жүрө берүү мелатонин гормонун иштелип чыгуусуна тоскоолдук жаратып, зыяндуу шишиктердин пайда кылышы мүмкүн.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.