Курс НБ на 13.12.2019 $69,8500 €77,7815

Рахмондун сүрөтү 1000 сомониге түшүрүлөт

Дүйнө
15 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
353
Эмомали Рахмондун сүрөтү түшүрүлгөн 1000 сомони номиналындагы акча чыкмай болду.  Президенттин сүрөтүн сомониге түшүрүү идеасы орто мектеп мугалими Хасанбой Асадовго таандык. Ал  бир жыл мурун бул сунушун жаңы купюранын эскизи менен бирге Улуттук банкка жана президенттин администрациясына жөнөткөн.  Анда  акчанын бир бетинде Эмомали Рахмондун сүрөтү, бир бетинде Тажикстан Жогорку Кеңешинин “тарыхый” 16 сессиясы өткөн Арбоб Сарайы түшүрүлөт. Буга чейин Улуттук банк жана президенттин администрациясы Асадовдун сунушуна ыраазычылык айтышкан.  Мындан сырткары аталган мугалим Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн урматына 500 сомони номиналындагы алтындан чегилген тыйынды чыгарууну дагы сунуштаган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.