Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

Раданын спикери оппозициялык депутаттарга орусча сүйлөөгө тыюу салды

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
370
Украинанын Жогорку радасынын спикери Андрей Парубий “Оппозициялык блоктун” депутаттарына парламенттин трибунасынан орус тилинде сүйлөөлөрүнө тыюу салды.
“Бардык элдик депутаттарды мамлекеттик тилди сыйлоого  жана Жогорку раданын трибунасында украин тилинде сүйлөөгө чакырамын”, - деп айтты ал. Ошондуктан, спикер “Оппозициялык блоктун” депутаттарынан болушкан Александр Долженковду  жана Наталья Королевскаяны  чыгып сүйлөп жаткандарында токтотуп, украин тили мамлекеттик тил болуп жарыяланган конституцияны эске салды.
Азыркы украиналык бийлик бардыгын бүт украиндештирүү жана орус тилин сүрүп чыгаруу саясатын жүргүзүп келет.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.