Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

​Путиндин убадасы

Дүйнө
15 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
31
Кечээ, 14-сентябрда Сочиде Россиянын президенти Владимир Путин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен тет-а-тет жолугушту. Бул Александр Лукашенконун президенттик кызматка шайлангандан кийин чет өлкөлөргө биринчи чыгышы.
Жолугушууда В.Путин Лукашенкого 1,5 миллиард доллар мамлекеттик кредит берүүгө убада кылды. Эки президент жекеме-жеке төрт саат сүйлөшүштү.
Белоруссиянын учурдагы тышкы карызы 18 миллиард долларды түзөт. Быйыл бул сумманын 3,6 миллиард долларын төлөшү керек. Азырынча 2 миллиарды жабылды. Россиялык кредит төлөмдүн калган бөлүгүнөн кутулууга жумшалат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу